Чүй районунда медициналык таштандылар стихиялуу түрдө төгүлгөн жер тазаланды

Чүй районунда медициналык таштандылар стихиялуу түрдө төгүлгөн жер тазаланды

Ысык-Ата районунда медициналык калдыктар (колдонулган шприцтер, кан алычу  системалар жана башка медициналык таштандылар) алынып келинип, таштандыга ыргытылганын окуяга күбө болгондор билдиришкен. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын чечими менен Жээк айыл аймагынын №479 контурунда жайгашкан аянты 11,20 га болгон таштанды полигону Кант шаарынын мэриясы тарабынан мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.

Өз кезегинде 2022-жылдын 2-сентябрында Кант шаарынын мэриясы менен «Тазалык Сервис» ЖЧКсынын ортосунда таштандыларды иргеп алуу пунктун уюштуруу жана таштандыларды автоматтык түрдө сорттоочу линияны ишке киргизүү боюнча келишим түзүлгөн.

Бирок 2023-жылдын 22-декабрында Кант шаарынын мэриясынын адистери таштанды төгүүчү жайга барган учурда «Тазалык Сервис» ЖЧКсынын жогорудагы келишими аткарылбаганы фактысы аныкталып, бул боюнча акт түзүлгөн. Аталган актынын негизинде 2023-жылдын 22-декабрындагы Кант шаарынын мэриясы жогорудагы келишим боюнча өз милдеттерин аткарбагандыгы тууралуу билдирүү жөнөткөн.

Кийин, 2024-жылдын 16-февралында билдирүүнүн негизинде Кант шаарынын мэриясы менен «Тазалык сервис» ЖЧКсынын ортосундагы бул келишим токтотулган. Текшерүүнүн жүрүшүндө «Тазалык сервис» ЖЧКсы Кант шаарынын мэриясына билдирбестен, «Утиль Сервис» ЖЧК ишканасы менен медициналык таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүп алганы белгилүү болгон.

2024-жылдын 11-мартында «Утиль Сервис» ЖЧКсына медициналык таштандыларды ташып чыгууга тыюу салуу жана полигондун аймагында пайда болгон медициналык калдыктарды талаптагыдай иретке келтирүү жана жок кылуу (ликвидация) боюнча эскертүү берилип, 2024-жылдын 1-октябрында «Утиль Сервис» ЖЧКсына медициналык таштандыларды ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө эскертүү берилген. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 115-беренеси («Таштандыларды белгисиз жайларга таштоо, өрттөп салуу») боюнча кылмыш иши козголуп, 23 миң сом айып салынган.

Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин 2024-жылдын 2-апрелинде «Утиль Сервис» ЖЧКсы тарабынан күйүүчү жай (таштанды, мунай шламы, малдын өлүгү, катуу материалдар үчүн күйүүчү камерасы бар меш) чыгарылган. А 2024-жылдын 6-апрелинде ушул компания полигондон медициналык таштандыларды чыгарган.

Мындан тышкары окуңуз

Акыйкатчыга 2025-жылы 9672 кайрылуу келип түшкөн

Акыйкатчыга 2025-жылы 9672 кайрылуу келип түшкөн

Акыйкатчы институтунун сунуштардын аткарылышы 79%га жетти. Адам укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнүн негизги механизмдеринин бири жарандардын кайрылууларын кароо болуп саналат. 2025-жылы жалпысынан 9672 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңешке сунушталган акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын “Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” 2025-жылдын баяндамасында белгиленген. Жамиля Жаманбаеванын айтымында,

Ишкер Media
Баткенде 25 миң үй камсыздандырылып, 7,9 млн сом төлөндү

Баткенде 25 миң үй камсыздандырылып, 7,9 млн сом төлөндү

Баткен облусунда камсыздандыруу иштери талкууланды. Президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКнын төрагасынын орун басары Алима Нурланованы кабыл алып, айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү.Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, облус аймагында жалпы 100 миң 454 турак жай катталган. Анын ичинен бүгүнкү күндө 25

Ишкер Media
Депутат: “Булардын башынан алтын куюп жиберсек да аздык кылат”

Депутат: “Булардын башынан алтын куюп жиберсек да аздык кылат”

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын 2025-жылы Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча баяндамасы каралды. Талкуу учурунда депутат Таалайбек Сарыбашев мындан 18-20 жыл мурда Ош облусунда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган балдардын бүгүнкү абалына көңүл бурду. Депутаттын айтымында, ошол кезде ВИЧ жуктуруп алган балдар азыр бойго жетип,

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу свайлык ыкма менен мектеп курулууда

Кыргызстанда алгачкы жолу свайлык ыкма менен мектеп курулууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, үч кабаттуу имараттын курулушу ушул жылдын март айында башталган. Учурда чатырын жабуу жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Курулуш учурунда жер

Ишкер Media