Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда.

«Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу ишкердик боюнча кат алышууларды жүргүзбөйт», - деп эскерилет билдирүүдө.

Компания шылуундарга каршы чараларды көрүүдө. Ишкана сак болууга жана этияттык менен мамиле кылууша чакырат. Эгерде кандайдыр бир шек жаралса, расмий сайтта көрсөтүлгөн гана байланыш номерлерине кайрылуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

“Кыргызкөмүр” ишканасынын орун басары кызматтан бошотулду

Мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун орун басары Талант Скандербеков финансылык мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Кара-Кече" филиалындагы 24,9 миллион сомдук финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулду. Ички аудиттин жүрүшүндө аталган филиалда кассалык тартип одоно бузулганы аныкталган

Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда

Бишкек шаарындагы Шаты көчөсү оңдолууда

“Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Шаты көчөсү Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүүдө. “Бишкекасфальтсервис” муниципиалдык ишканасынын маалыматына ылайык, курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 616 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. Долбоордун алкагында заманбап талаптарга жооп берген жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр

Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды

Кубанычбек Конгантиев үй камагына чыгарылды

15-июнда Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан маалымдашты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кубанычбек Конгантиевди март айында кармап, Ленин райондук соту аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал аффилирленген жеке

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 18,2%га азайды

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 18,2%га азайды

2026-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,2%га кыскарды. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитети - Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянып билдирди. Маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик иш менен камсыз кылуу органдарында жумуш издеп