Таласта 9 кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды

Таласта 9 кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды

Президенттин тапшырмасы менен Талас шаарында жаңы ипотекалык көп кабаттуу үй комплекси курула баштады. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Бир ай мурун өлкө башчы Садыр Жапаров Талас жана Нарын облустарында батирлердин саны өтө аз экенин белгилеп, бул маселени тез арада жөнгө салуу тапшырмасын койгон. Анын негизинде Таластагы жаңы турак жай долбоору ишке ашууда.

Жаңы комплекс 9 кабаттуу үйлөрдөн туруп, лифт системалары менен жабдылган, жалпы 405 батир болот. Батирлердин түрлөрү — бир, эки жана үч бөлмөлүү. Ошондой эле унаа токтотуучу жай да каралган. Аталган үйлөрдүн курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды