Ботаникалык бакты реконструкциялоого 340 млн сом керектелет

Ботаникалык бакты реконструкциялоого 340 млн сом керектелет

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы абалы менен таанышып чыкты. Кароо учурунда бактын кызматкерлери жана жетекчилиги буга чейин аткарылган иштер, учурдагы көйгөйлөр жана бакты сактап калуу боюнча зарыл болгон чаралар тууралуу маалымат беришти. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Аталган жашыл аймакты комплекстүү реконструкциялоого болжол менен 340 миллион сом талап кылынары белгилүү болду. Реконструкция алкагында: жөө жүргүнчүлөр зонасын жана жолдорду оңдоо, суу менен камсыздоо жана сугат системасын модернизациялоо, дренаж тармагын калыбына келтирүү, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү сактоо жана дендрологиялык фондду кеңейтүү сыяктуу иштер каралууда.

Адылбек Касымалиев Ботаникалык бактын маанисин өзгөчө белгилеп, бул аймак илимий-изилдөө жана экологиялык коопсуздук жаатында стратегиялык инвестиция болуп саналарын айтты. Анын пикиринде, бак борбор калаанын тургундары үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн маанилүү экологиялык жана илимий борбор болушу керек.

МинКаб башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу механизмин иштеп чыгууну жана каржылоо маселесин чечүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media