Кыргызстан саламаттыкты сактоого 2030-жылга чейин 130 млрд сом бөлөт

Кыргызстан саламаттыкты сактоого 2030-жылга чейин 130 млрд сом бөлөт

Бүгүн, Бишкекте "Ден соолугу чың адам – гүлдөгөн өлкө" (2019–2030-жылдар) улуттук программасынын алкагында Саламаттыкты сактоо форуму болуп өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, форумда азыркы жетишкендиктер жана келечектеги артыкчылыктуу багыттар талкууланды. Форумга МинКаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, программаны ишке ашыруудагы маанилүү кадамдарга токтолду.

“Жакынкы беш жылда саламаттыкты сактоого мамлекеттик каржылоону үч эседен ашык көбөйтүү пландалууда. 2025-жылы бул максатка 44 млрд сом бөлүнсө, 2030-жылга карата каржылоо 130 млрд сомго жетет”, — деди Байсалов.

Ошондой эле, медициналык кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиктери кеңейип, айрыкча аялдар менен балдардын саламаттыгына өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Пренаталдык жана неонаталдык скрининг, эмдөө, оорулардын алдын алуу программалары күчөтүлөт.

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев жарандардын ден соолугуна инвестиция салуу өлкөнүн келечеги үчүн өтө маанилүү экенин баса белгилеп, саламаттыкты сактоо кызматтарын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштерди белгиледи.

Форумга БУУ системасынын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДСУ), эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун жыйынтыгында саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды. Алардын катарында: оорулардын алдын алуу программаларын кеңейтүү, тармакты толук санариптештирүү, медициналык кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана финансылык ачыктыкты күчөтүү чаралары бар.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media