ӨКМ: 9 айдагы кырсыктар 1,5 млрд сом чыгым алып келди

ӨКМ: 9 айдагы кырсыктар 1,5 млрд сом чыгым алып келди

Кечээ, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 2025-жылдын 9 айындагы иштердин жыйынтыгы жана алдыдагы милдеттер боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Коллегияда 9 ай ичинде аткарылган иштер тууралуу министрдин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов маалымат берип, негизги багыттарга токтолду. Анын айтымында, бул аралыкта өлкөдө 10 өзгөчө кырдаал катталып, 16 адам каза болгон. Материалдык чыгым 45,5 млн сомду түздү. Былтыркыга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 92%га, ал эми чыгымдар 96%га азайганы белгиленди.

Жалпысынан өлкөдө 3286 кырсык катталып, 243 адам каза болгон. Бирок куткаруучулардын ыкчам аракети менен 342 адамдын өмүрү сакталып калган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 46%га жогорулаган.

Мониторинг жана божомол иштеринин натыйжасында республиканын аймагында 12 миңге жакын табигый кооптуу процесстер катталган. Алар боюнча 1500дөн ашык изилдөө жүргүзүлүп, анын жарымынан көбү сел жана суу каптоо коркунучтарына байланыштуу болгон.

Министрлик тарабынан сел жана суу ташкындарынын алдын алуу иштерине да басым жасалган. 9 ай ичинде 241 объект пландалып, анын ичинен 216сында жумуштар аяктаган. Натыйжада 11 миңден ашуун үй-бүлө жана 1700 гектар айыл чарба жери корголгон. Бул иштин экономикалык натыйжалуулугу 68 эсеге өскөнү айтылды.

Жыйын соңунда министрдин биринчи орун басары министрликтин тиешелүү кызматтарына кышка карата даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media