ChatGPT Go кызматы өз мейкиндигин кеңейтет

ChatGPT Go кызматы өз мейкиндигин кеңейтет

 Интерфакс маалымат агенттиги “OpenAI компаниясынын ChatGPT Go кызматы Азиядагы дагы 16 өлкөдө жеткиликтүү болорун компаниянын вице-президенти Ник Терли билдирди”,- деп жазды.

Маалыматта, буга чейин эң арзан делген бул тариф Индияда жана Индонезияда ишке киргизилип, баасы болжол менен 4,5 долларды түзгөн. Эми ал Афганистан, Бангладеш, Бутан, Бруней, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мальдивы, Мьянма, Непал, Пакистан, Филиппин, Шри-Ланка, Таиланд, Чыгыш Тимор жана Вьетнам өлкөлөрүндө да жеткиликтүү болот.

Бул тариф колдонуучуларга кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде сүрөт жасоо функциясын да сунуштайт. Компания мындай кадам менен жаңы GPT-5 моделин көбүрөөк адамдарга жеткиликтүү кылууну көздөөдө.

OpenAI дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө “ChatGPT Plus” кызматына айына 20 доллар, “ChatGPT Pro” кызматына айына 200 доллар тарифин сунуштап келе жатат. 

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөн районунда ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Хундай Соната" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран дарыгерлердин кароосунан өткөрүлүп, баңгизат колдонгону аныкталган. Айдоочуга

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

“Бишкекгаз” кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 26-27-августта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Газ Бишкек шаарындагы Ильменск, Каракөл тар, Якутск көчөсү, Каракум көчөсүндө жана Ден Сяопин проспектисинде өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Башкы прокуратура жарандын кайрылуусунун негизинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, финансылык мекемелердин биринде болгон өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы тиешелүү чараларды өз убагында көргөн эмес. Жаран аталган кызматка бир нече жолу кайрылганына карабастан, жубайынын каза

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлек районунда 24–27-августтагы өткөн рейддик иш-чарасында курал сактоо эрежесин бузган 1 жаран жоопкерчиликке тартылып, дагы 1 тургун мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын милицияга өз ыктыяры менен тапшырды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө жана