Дыйкан 2 гектардан 9,6 тонна буудай алды

Дыйкан 2 гектардан  9,6 тонна буудай алды

 Токтогул районунун Торкен айылында Шыкмамат Мананов 2 гектар жерге буудайдын корнетто сортун өстүрүп, жогорку түшүмдүүлүккө жеткенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

Ал буудайдын жогорку түшүмүн алуу максатында 2-репродукциядагы сертификатталган үрөндүн 1 тоннасын 0,5 литр тенозол менен дарылаган. Жылдын башында топуракка анализи жүргүзүлүп, Ош облусунун адистештирилген токсикологиялык лабораториясы тарабынан берилген сунуштамага ылайык жер аянты диаммофос минералдык жер семирткичи менен азыктандырылган. Буудайдын өсүүсүн жакшыртуу жана коргоо максатында 2 этап менен “Кыргыз гумат” органикалык жер семирткичи чачылып, отоо чөптөрдү жок кылуу үчүн дезермон жана эстор гербициддери колдонулган.

Биринчи сугаттан кийин фосфор+калий органикалык жер семирткичи жана козу карын ооруларына каршы тильт фунгициди чачылган. 20-июлда түшүм жыйноо жүргүзүлүп, ар бир гектардан 48 центнер, жалпы 2 гектар аянттан 9 тонна 600 килограмм дан алынган. Дыйкан 2 гектардан 147 300 сом таза киреше алып, өндүрүштүн рентабелдүүлүк деңгээли 159 пайызды түзгөн.  Бир килограмм буудайдын өздүк наркы 9,66 сом болсо, андан түшкөн таза киреше 15,34 сом деп эсептелген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media