Кыргызстанда 20 млн еврого бетон полотносун чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда 20 млн еврого бетон полотносун чыгаруучу завод курулат

Бүгүн айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев бетон полотносун өндүрүүчү заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министриликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Заводдун курулушу Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы суммасы — 20 млн евро, ал кыргыз өкмөтү менен United Concrete Canvas компаниясынын өнөктөштүгүндө ишке ашырылып жатат.

«Жаңы завод курулгандан кийин, Кыргызстан бул материалды өз аймагында өндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат, бул болсо импортко болгон көз карандылыкты азайтып, жумуш орундарын түзүп, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Өлкөдө 30 миң чакырымдан ашык каналдар бар, анын ичинен 19 миң чакырымы жабылбаган, ал эми 11 миң чакырымы капиталдык оңдоого муктаж. Биз алдыбызга амбициялуу максаттарды койдук – сугат системасын жаңыртуу, суу жоготууларын азайтуу жана дээрлик 37 миң гектар жаңы сугат жерлерин пайдаланууга берүү», — деп белгиледи Бакыт Торобаев.

Заводдун долбоордук кубаттуулугу жана иштөө режими:
Биринчи линия — жылына 7 млн м², эксплуатацияга берүү — 2027-жыл;
Экинчи линия — биринчи линия ишке киргенден кийин 5 жыл ичинде, ошондой эле 7 млн м²/жыл;

Толук кубаттуулукка жеткенде продукциянын бөлүштүрүлүшү: 60% — Кыргызстандын муктаждыктары үчүн, 40% — экспортко.

Мындан тышкары, заводдун ишке берилиши кеминде 50 жумуш орунун түзөт, алардын 90%ын Кыргыз Республикасынын жарандары ээлейт.

Аталган долбоор суу ресурстарын үнөмдөөгө, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана айыл чарба секторунда импортко болгон көз карандылыкты азайтууга чоң салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media