Өзбекстанда инновациялык идеялардын жумалыгы өтүп жатат

Өзбекстанда инновациялык идеялардын жумалыгы өтүп жатат

Кечээ Өзбекстандын Эл аралык көргөзмө борборунда (CAEx)  инновациялык идеялардын VIII эл аралык жумалыгы — «InnoWeek–2025» расмий түрдө ачылганын “Кабар” маалымат агенттиги жазды.

Жумалыкка Армения, Беларусь, Венгрия, Германия, Грузия, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Корея, Кытай, Кувейт, Малайзия, Нидерланддар, Сингапур, Тажикстан, Того, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу 30га жакын өлкөдөн 130 өкүл катышып жатканы айтылат. 

Кыргызстандын атынан иш-чарага Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Айдар Алымбеков жетектеген делегация катышып жатат. 

«InnoWeek» алкагында 30дан ашык илимий-практикалык иш-чаралар өтөт. Өзбекстанда булинновациялык идеялардын эл аралык жумалыгы 2018-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекси курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү