Ала-Арчада дүйнөлүк деңгээлдеги родельбанддын курулушу башталды

Ала-Арчада дүйнөлүк деңгээлдеги родельбанддын курулушу башталды

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында Кыргызстандагы алгачкы родельбандын курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашууда. Родельбанд дүйнөгө белгилүү Германиянын “Wiegand” компаниясы тарабынан курулат.

Жаңы родельбанддын узундугу 1200 метрди түзөт, 36 чана орнотулат жана саатына 500 адамды тейлей алат.

Туманбаев бул долбоордун туризмди өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн белгиледи:

"Быйыл биз өлкө тарыхында биринчи жолу асма жолунун курулушун баштадык. Аны дүйнөгө белгилүү “Doppelmayr” компаниясы ишке ашырууда жана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул – туризмди өнүктүрүүдө чоң кадам. Бүгүн башталган Родельбандын курулушу ушул багыттагы маанилүү долбоорлордун бири",- деди.

Бул ири долбоорлор Кыргызстандагы туризмди жаңы деңгээлге чыгарып, чет элдик коноктор үчүн заманбап инфраструктура түзүүгө өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлек районунда 24–27-августтагы өткөн рейддик иш-чарасында курал сактоо эрежесин бузган 1 жаран жоопкерчиликке тартылып, дагы 1 тургун мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын милицияга өз ыктыяры менен тапшырды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө жана

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Түштүк Кореянын Статистика министринин чакыруусу менен аталган өлкөгө иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат статистика тармагындагы заманбап ыкмалар, маалымат базаларын башкаруу жана санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасы менен таанышты. Жолугушууларда статистикалык маалыматтарды системалаштыруу, аларды натыйжалуу пайдалануу жана

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук мейкиндик түзүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Министрликке караштуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты. Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочу жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстер аркылуу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаага жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы, ошондой эле айдоочу