Чолпон-Атада жаңы административдик имарат курулуп жатат

Чолпон-Атада жаңы административдик имарат курулуп жатат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында аймактык башкармалыктын жаңы административдик имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев облуста иш сапары менен болуп, курулуштун жүрүшү менен таанышкан.

Имараттын жалпы аянты 251,91 чарчы метрди түзөт. Анда жыйындар залы, кабылдама, күтүү залы, архив, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр каралган. Учурда курулуш иштеринин 80%га жакыны аяктаган.

Министрлик билдиргендей, бул имарат мамлекеттик бюджеттен каржыланбастан, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен салынып жатат. Азыркы тапта өлкө боюнча ондогон ушул сыяктуу жаңы имараттар курулууда.

Мындан тышкары окуңуз

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманова айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна

Ишкер Media
Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Ош облусунда браконьерлик кылган 5 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Араван жана Ноокат райондорунда рейд өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө балык уулоо эрежесин бузган 5 жаран аныкталып, аларга карата 5 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Министрлик жарандарды жаратылышка аяр

Ишкер Media
2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарбасына 22 млрд, экологияга 3,6 млрд сом каралууда

2027-жылы айыл чарба тармагын тейлеген министрликке 22 млрд сом, экология тармагын тейлеген министрликке 3,6 млрд сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Суйналиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Жыйында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ишкер Media
Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Асыл тукум заводдо кант кызылчасы үчүн жаңы комбайндар сыналды

Айыл чарба министрлигине караштуу "Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу" кант кызылчасын өстүрүүдө жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, быйыл чарбада пилоттук негизде 10 гектарга Германия жана Франциядан алынган эки сорт үрөн себилип, абалы жакшы деп бааланууда. 2025-жылы завод Беларустан атайын комбайндар - жалбырак

Ишкер Media