ИИМ эскертет: алдамчылардын амалынан сактаныңыздар!

ИИМ эскертет: алдамчылардын амалынан сактаныңыздар!

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат!

Тартип сакчылар алдамчылар шектүү шилтемелерге кирүүнү же белгисиз тиркемелерди орнотууну сунушташы мүмкүндүгүн эскертип, телефон чалууларды кылдаат текшерип, чоочун адамдардын талабы боюнча акча которбоону сунуштайт:

“Эгерде шектенсеңиз, банкыңызга, операторуңуздун колл-борборуна же 102ге чалыңыз. “Банк кызматкерлеринин” атын жамынган алдамчылык чалуулар көбөйдү. Картаңыздын реквизиттерин же CVV кодун эч качан ачпаңыз”, – деп билдирет маалыматта.

ИИМ эскертет: сактык — сиздин каражатыңыздын сакталышынын кепилдиги.

Сак болуу коопсуздугун өзүңүздөн баштаңыз!

Мындан тышкары окуңуз

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлек районунда 24–27-августтагы өткөн рейддик иш-чарасында курал сактоо эрежесин бузган 1 жаран жоопкерчиликке тартылып, дагы 1 тургун мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын милицияга өз ыктыяры менен тапшырды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө жана

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Түштүк Кореянын Статистика министринин чакыруусу менен аталган өлкөгө иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат статистика тармагындагы заманбап ыкмалар, маалымат базаларын башкаруу жана санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасы менен таанышты. Жолугушууларда статистикалык маалыматтарды системалаштыруу, аларды натыйжалуу пайдалануу жана

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук мейкиндик түзүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Министрликке караштуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты. Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочу жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстер аркылуу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаага жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы, ошондой эле айдоочу