Курулуш объектилерине “Бирдиктүү паспорт” илүү талабы киргизилди

Курулуш объектилерине “Бирдиктүү паспорт” илүү талабы киргизилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, министрлик тарабынан курулуш объектилери үчүн бирдиктүү форматтагы маалыматтык паспорт иштелип чыгып, бардык объекттерде милдеттүү түрдө орнотулуп жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин курулуштун мыйзамдуулугун тастыктаган ар кандай үлгүдөгү паспорттор илинип келген. Эми, жарандарга жеткиликтүү болуш үчүн ар бир курулуш объектисинде бирдей үлгүдө даярдалган ачык жана түшүнүктүү маалыматты камтыган "Бирдиктүү паспорт" илиниши керек. Бул документ аркылуу жарандар объект тууралуу толук маалымат алып, курулуш ишинин мыйзам чегинде жүрүп жатканын көрө алат.

Бирдиктүү паспортто төмөнкү маалыматтар камтылат:

  • Курулуш министрлигинин расмий белгиси (логотип)
  • Объекттин аталышы жана дареги
  • Курулуш жүргүзүп жаткан компаниянын маалыматы
  • Жооптуу адистердин аты-жөнү жана байланыш номери
  • Уруксат берилген документтердин номери
  • Башталышы жана аяктоо мөөнөттөрү
  • QR-код аркылуу жарандар объектке байланыштуу кошумча жана расмий маалыматты онлайн көрө алат.
Бул кадам курулуш тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздап, жарандардын суроолоруна жоопту түздөн-түз объекттен эле алуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.

Министрлик бардык курулуш компанияларын бекитилген талаптарга ылайык иш алып барууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media