Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык фактылар аныкталды

Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык фактылар аныкталды

Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема аныкталганын УКМК билдирди.

Ыкчам-тергөөдө президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери уюштурган схема жабылып, бөгөт коюлду.

Аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери жеке менчик авто мектептердин инструкторлору менен алдын ала сүйлөшүп, практикалык сынак үчүн окуучулардан акча чогултушкан.

Схемага ылайык, авто мектептердин окуучулары 5000 сомдон 10000 сомго чейин акчаны ортомчу аркылуу өткөрүп беришкен. Ал акча мекеменин кызматкерлери аркылуу оң баа алуу үчүн колдонулган. Практикалык сынак күндөрү 10-15 окуучу коррупциялык схема аркылуу сынакты ийгиликтүү тапшырган. Уюштуруучулардын күнүмдүк кирешеси 30 000 сомдон 50 000 сомго жеткен.

2025-жылдын 10-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында кызматкерлер жана алардын шериктери — Б.М.М., Д.Т.А., С.Э.А. жана М.Б.А. — пара алууда кармалды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

20-октябрда саат 09:00дөн 20:30га чейин "Ала-Тоо-1" жана "Ала-Тоо-2" конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда профилактикалык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала

Ишкер Media
Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Финансы министрлигинде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүгө даярдыгын баалоо боюнча миссия өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, эки күндүк миссия Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Азия-Тынч океан аймагын кырсыктардан кийин туруктуу калыбына келтирүүгө даярдоону жогорулатуу" техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулду.

Ишкер Media
Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Бишкекте "Жаштык аренада" "EXPO Евразия Кыргызстан 2026" жана "Кыргызстан EXPO 2026" эл аралык көргөзмөлөрү башталды. Иш-чара 15-17-октябрда өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Көргөзмөгө Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышып, Кыргызстандын өнөр жайы оң динамика көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында,

Ишкер Media
Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media