Төрөбаев: "960 айылдагы суу көйгөйүн чечүүгө 1,2 млрд доллар талап кылынат"

Төрөбаев: "960 айылдагы суу көйгөйүн чечүүгө 1,2 млрд доллар талап кылынат"

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Италиянын Рим шаарында өтүп жаткан “Rome Water Dialogue 2025” эл аралык форумунун алкагында “Суу ресурстарын башкаруунун эффективдүү чечимдери” аттуу сессияда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форум БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) штаб-квартирасында өтүп жатат. Министр өз баяндамасында суунун маанисин, климаттын өзгөрүшүнүн жана калктын өсүшүнүн кесепеттерин, ошондой эле Кыргызстандагы суу ресурстары менен байланышкан негизги көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи.

«Суу – бул жашоонун, ден соолуктун жана улуттардын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи. Бүгүнкү күндө Борбордук Азияда эң курч маселелердин бири – бул климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу ресурстарын сактоо жана рационалдуу пайдалануу», – деди Төрөбаев.

Анын айтымында, 2050-жылга чейин дүйнө калкынын жарымы суу тартыштыгына туш болушу мүмкүн, бул азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат. Борбор Азия үчүн негизги чакырык – климаттын өзгөрүшү шартында суу ресурстарын сактап, натыйжалуу пайдалануу.

Төрөбаев Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн стратегиялык маанисине токтолуп, алар Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстанды суу менен камсыздаарын белгиледи. Бул жаатта Президент Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» улуттук программасынын маанисин да баса белгиледи.

Ошондой эле ал Ысык-Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, көл аймактын климаттык тең салмактуулугунда маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.

Министрдин айтымында, региондогу суу инфраструктурасынын 80%ы эскирген, суу жоготуулар 55%ды түзөт. Ал эми 10 миллионго жакын адам таза ичүүчү сууга жеткиликтүү эмес. Кыргызстанда 960 айылдагы суу көйгөйлөрүн чечүү үчүн 1,2 миллиард доллар инвестиция талап кылынат.

«Сууга мунай жана газ сыяктуу эле көңүл бурууга убакыт келди», — деди Төрөбаев.

Сөзүнүн соңунда министр Кыргызстан менен ФАОнун кызматташтыгын жогору баалап, алдыңкы технологиялар киргизилип, айылдык жамааттардын өнүгүүсүнө салым кошулуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манас шаарынын Достук кичи районундагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу үч кабаттан турат. Анда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери аяктоо

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Башкы прокуратура товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу схеманы аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө И.А. аттуу жаран жана башка адамдар чынында ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты пайдалануу менен товарларды Кыргызстанга алып кирүү схемасын

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Таалайбек Масабиров Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев катышты. Тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө механикалаштырылган кызмат көрсөткөн 202 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. МТСтер айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника менен камсыздоого, лизингди өнүктүрүүгө жана тармакты техникалык жактан жаңылоого көмөктөшүү максатында 2016-жылдан бери түзүлүп келет. Учурда республикадагы