“АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсүндө техникаларды сатып алууга шарт түзүлөт

“АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсүндө техникаларды сатып алууга шарт түзүлөт

 “АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсүндө дыйкан-фермерлер айыл чарба техникаларын сатып алса болорун Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов “Кабар” агенттигиндеги жыйында билдирди.

Анын айтымында, көргөзмөдөгү каржылоо аянтчасында – “Айыл Банк”, “Элдик Банк” жана мамлекеттик лизинг компанияларынын лизинг боюнча кызматтары иштейт. Алар аркылуу дыйкандар айыл чарба техникаларын сатып алышса болот.

“Мында дыйкан-фермерлерибиз техниканын баасынын 10 пайызын гана төлөйт, ал эми калган бөлүгүн Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен банктар каржылап берет. Лизинг 7-9 жылдык мөөнөткө чейин 6 пайыз үстөгү менен берилет”, - деди ал.

17-18-19-октябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта “АгроТехЭкспо – 2025” көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштандыга байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталып, жооптуу тараптарга административдик чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте социалдык тармакта жарыяланган маалыматтын негизинде жеринде текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Бишкек шаары жана Чүй облусунда жеке менчик үйлөрдүн ээлерине экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, жарандар жылуулук насосторун жана энергияны үнөмдөөчү башка жабдууларды сатып алып, орнотууга жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо