"Коопсуз шаар" системасынын видеокамералары дагы көбөйөт
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен акыркы 3 жылда өлкөдө видеокамераларды масштабдуу орнотуу жүргүзүлгөнүн Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” системасы боюнча: Бишкекте – 651; Баткен облусунда–248; Ысык–Көл облусунда 283; Манас облусунда – 205; Нарында–207; Ош шаарында – 57; Ош олусунда – 115; Талас облусунда – 201; Чүй облусунда – 177 видеокамера онотулган.
Орунбеков ушул тапта дагы 360 градуска айланган, көп функционалдуу, адамдын жүзүн таанып кое турган видеокамералар орнотулуп жатканын айтат. Анын айтымында, видеокамералар Кыргызстан боюнча 20 миңден ашышы керек.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу