МинКаб төрагасы пенсионерлер менен пособие алуучулардын жалпы санын айтты

МинКаб төрагасы пенсионерлер менен пособие алуучулардын жалпы санын айтты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш чарада МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 1-октябрында 298 миң жаран мамлекеттик пособие жана 190 миң бала пособие аларын билдирди. 

Анын айтымында, мындан сырткары өлкөдө 107 миң адам социалдык жөлөк пул алышат жана анын 37 миңи 18 жашка чейинки майып балдар. “Акыркы 5 жылда Президент жөлөк пулдарды 2-3 эсе көтөртүп берди”,-дейт ал. 

Буга кошумча А.Касымалиев акыркы 5 жылда пенсионерлердин саны 100 миңге көбөйгөнүн жана бул аралыкта пенсиянын көлөмү 6 миң сомдон 11  миң 200 сомго чейин жогорулаганын билдирди. Тагыраагы, 2021-жылы пенсионерлердин саны 715 миң болсо, азыр 814 миңге жеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.