«Альянс Алтын» Талас облусунун бала бакчаларына заманбап 20 комплект компьютер тапшырды

«Альянс Алтын» Талас облусунун бала бакчаларына заманбап 20 комплект компьютер тапшырды

«Альянс Алтын» компаниясы 13-октябрда Талас жана Бакай-Ата райондорундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине заманбап 20 комплект компьютер тапшырды. Бул тууралуу ишкананы маалымат кызматы билдирди.

Бул көмөк аймактагы билим берүү шарттарын жакшыртуу жана балдардын технологиялык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөйт.

Компания өкүлдөрүнүн айтымында, техника жеринде орнотулуп, пайдаланууга даярдалган. Компьютерлер балдардын билим алуусуна ыңгайлаштырылган программалар менен жабдылган.

Бул компаниянын билим берүү мекемелерин колдоого алган алгачкы кадамы эмес. Буга чейин «Альянс Алтын» Манас, Айтматов райондорунда жана Талас шаарындагы бала бакчаларга 27 компьютер тапшырган. Мындан тышкары, компания тарабынан бир катар орто мектептер да техникалык жабдуулар менен камсыздалган.

«Биз жергиликтүү калктын келечеги - балдардын сапаттуу билим алуусуна өз салымыбызды кошкубуз келет. Техникалык жабдыктарды алып берүү, бул багыттагы иш-аракеттердин бир бөлүгү гана», - деп билдиришти компаниянын өкүлдөрү.

Компания билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып келет. «Альянс Алтын» иштетип жаткан Жерүй кени аркылуу түшкөн кирешелердин бир бөлүгү социалдык долбоорлорго багытталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media