Баткенде 500 орундуу жаңы мектеп курулууда

Баткенде 500 орундуу жаңы мектеп курулууда

Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 500 орунга ылайыкташтырылган жаңы мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай- коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.

Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда, долбоордун тендердик баасы 164 миллион сомду түзөт. Мектеп үч блоктон туруп, жалпы аянты 3220 чарчы метрди камтыйт. Ал эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат.

Азыркы учурда курулуш-монтаждоо иштери 65%га бүткөрүлүп, обьект мамлекеттик көзөмөлдө курулууда.

Белгилей кетсек, бул мектеп эски имараттын ордуна курулууда. Алгачкы имарат 2004-жылы пайдаланууга берилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген