Кыргызстанда "жашыл" экономика үчүн аймактык кызматташтык кеңейет
Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Борбор Азиядагы «Жашыл экономика үчүн жашыл көндүмдөр» аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькер менен жолугушту. Долбоор Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылууда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Программа жаштар менен аялдардын жашыл экономика тармагында – кайра жаралуучу энергия, сууну рационалдуу пайдалануу, калдыктарды башкаруу, тигүү өнөрү, курулуш жана туризм сыяктуу тармактарда – ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана «жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар квалификациялуу кадрларды даярдоо, туруктуу өнүгүү жаатындагы мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан ары биргеликте иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.



