“Агро Куш” ЖЧКсы келечекте жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрөт

“Агро Куш” ЖЧКсы келечекте жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кемин шаарындагы «Агро Куш» ЖЧКсынын тоок этин өндүрүүгө багытталган «Кемин» заманбап канаттуулар чарбасынын курулушуна капсула салганы министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. 

«Агро Куш» ишканасы инкубация, тоют өндүрүү, бройлер өстүрүү, тоок союу, этин кайра иштетүү жана даяр продукцияны таркатуу сыяктуу толук өндүрүш циклин ишке ашырат. Компанияда жергиликтүү тургундардан турган 600дөн ашык жумушчу иштейт. 

“Агро Куш” ЖЧКсынын келечекте компаниянын учурдагы кубаттуулуктарын кеңейтүүгө багытталган “Кемин”өндүрүштүк комплексин түзүү долбоору бар. Ал Кемин районунда жаңы инкубаторийди, тоок өстүрүүчү аянттарды, канаттуулар үчүн тоют чыгаруучу заводду жана даяр продукцияны сактоочу кампаны курууну камтыйт.

Комплекс ишке берилгенден кийин компаниянын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу 29 пайызга көбөйүп, жылына болжол менен 15 миң тонна тоок этине жетет. Бул ар жылы 10 миллиондон ашык бройлер тоокөндүрүлөт деген сөз.  Ал эми комбикорм өндүрүшүнүн көлөмү 28 миң тоннадан 115 миң тоннага чейин өсөт.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media