Быйыл 1,775 млн тонна дан эгини жыйналды

Быйыл 1,775 млн тонна дан эгини жыйналды

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы республика боюнча айыл чарба эгиндерин жыйноо иштери аяктап калды. Түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду.

Дан эгиндери: 679 миң гектар аянттын 93% жыйналды, дүң жыйым 1,775 млн тоннага жетти.
Жашылчалар: 56,6 миң гектардын 96,2% жыйналды, жалпы 791,4 миң тонна түшүм алынды. Эң жогорку түшүм Чүй жана Ош облусунда байкалды.
Картошка: 64,5 миң гектардын 96% жыйналып, 874,3 миң тонна өндүрүлдү. Орточо түшүм 176,5 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду.
Бахча өсүмдүктөрү: 12,2 миң гектарда жыйноо жүргүзүлүп, план 103,8%га аткарылды, дүң жыйым 274 миң тонна. Негизги өндүрүүчү — Жалал-Абад облусу.
Техникалык өсүмдүктөр: Жыйноо май өсүмдүктөрү (90,3%), тамеки (96,2%), пахта (98%) жана кант кызылчасынын 53% аяктады.

Министрлик белгилегендей, аба ырайынын салыштырмалуу туруктуу болушу, жергиликтүү дыйкандардын эмгеги жана натыйжалуу агротехникалык чаралар быйылкы түшүмдүн жогору болушуна өбөлгө түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media
Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Аймен Касенов Президентке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн арызы менен кайрылган. Касенов Аймен Абдыталипович  1974-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия айыл чарба жаатында кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголия рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу

Ишкер Media