ДАПтын долбоору Кыргызстанда 50 миңдей адамды жумуш менен камсыз кылды

ДАПтын долбоору Кыргызстанда 50 миңдей адамды жумуш менен камсыз кылды

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын делегациясы менен жолугушуп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр ДАПтын Кыргызстандагы социалдык программаларды ишке ашыруудагы салымын белгилеп, 2014–2027-жылдар аралыгында 166,2 млн АКШ долларын түзгөн долбоорлор аркылуу миңдеген жарандарга жардам көрсөтүлгөнүн айтып берди. Анын ичинде “эмгек үчүн азык-түлүк” долбоору менен 50 миңге жакын адам убактылуу жумуш менен камсыз болду.

Тараптар эмгек менен камсыз кылуу, чакан бизнести өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана санарип чечимдерди киргизүү багыттарында кызматташууну улантууну макулдашты. Жолугушуунун жыйынтыгында жаңы биргелешкен долбоорлордун Кыргызстан элинин жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүнө токтолушту.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кытайдагы ишкердик форумуна катышууда

Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 68-чакырымында жер алдындагы өтмөк курулууда

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду