Курулуш тармагындагы эл аралык кызматташтык өнүгүүдө

Курулуш тармагындагы эл аралык кызматташтык өнүгүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация Ташкент шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн курулуш тармагындагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 46-жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Жыйында турак жай курулушу, архитектура жана заманбап технологияларды колдонуу багыттарында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын алкагында министр Нурдан Орунтаев Өзбекстан жана Тажикстан тараптары менен курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча “Жол карталарына” кол койду. Ошондой эле министрдин орун басары Бакай Турдугулов жана Беларус тараптын өкүлү Александр Балашенко кызматташууну жандандыруу боюнча меморандум папкалары менен алмашышты.

Кыргызстандын катышуусу курулуш тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана тармактын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды

Бишкек шаарынын тургундары мэрия өкүлдөрү менен жолугушту