Бишкекте фасаддардагы кабелдерди иретке келтирүү иштери уланууда
Бишкек шаарында “Дизайн-код” долбоорунун экинчи этабы жана “Ачык асман” концепциясынын алкагында имараттардын фасаддарында иретсиз жайгашкан инженердик коммуникацияларды (ВОЛС) жөнгө салуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын биринчи этабы Жибек Жолу проспектиси, Чүй проспектиси, Ж. Абдрахманов көчөсү, Ч.Айтматов проспектиси жана И. Ахунбаев көчөсүндө жүргүзүлөт. Тургундарга интернет-провайдерлерге кайрылып, кабелдерди өз убагында жер астынан же ички фасаддар аркылуу орнотуп, архитектуралык талаптарга ылайык иретке келтирүү сунушталат.
Кошумча суроолор боюнча Бишкек шаардык Шаар куруу жана архитектура департаментине төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0312-31-29-90.



