Республика боюнча күзгү ным топтоо сугаты 95%га аткарылды
29-октябрга карата республика боюнча күзгү ным топтоо сугатынын планынын 95%ы аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жалпы 254,3 миң гектар аянт каралып, анын ичинен 205,122 миң гектар сугарылышы керек болсо, бүгүнкү күндө 194,797 миң гектар жерге суу берилди.
Учурда өлкө аймактарында ным топтоо иштери активдүү жүрүп жатат. Бул сугаруу түрү өсүмдүктөрдүн вегетация мезгили алдында топуракта жетиштүү ным сактоого жардам берип, алардын өсүшүн жана түшүмдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле кургакчылыкка туруктуулукту күчөтүп, топурактын түзүлүшүн жакшыртат.