Кыргызстан КМШнын эмгек жана социалдык коргоо кеңешинде тажрыйба бөлүштү

Кыргызстан КМШнын эмгек жана социалдык коргоо кеңешинде тажрыйба бөлүштү

Бүгүн, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу КМШга мүчө мамлекеттердин 38-жыйынында видеоформатта өткөн Консультативдик кеңештин отурумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйынга КМШга мүчө өлкөлөрдүн эмгек жана социалдык ведомстволорунун, ошондой эле тиешелүү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Талкууга эмгек рыногун өнүктүрүү, социалдык программаларды ишке ашыруу, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, эмгек шарттарын жакшыртуу жана калктын аяр катмарына колдоо көрсөтүү маселелери алынды.

Министрдин орун басары кызматташтыкты чыңдоо, татыктуу эмгекти илгерилетүү жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын эмгек рыногун өнүктүрүү жана санариптик механизмдерди колдонуу боюнча иш-аракеттерин улантып жатканын маалымдады.

Жыйындын соңунда катышуучулар тажрыйба алмашууну жана биргелешкен демилгелерди координациялоону улантууну макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө электр энергиясын камсыздоо үчүн 12 кошумча трансформатор орнотулду

Чүйдө электр энергиясын камсыздоо үчүн 12 кошумча трансформатор орнотулду

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын Чүй электр тармактары ишканасы электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Чүй облусунда кошумча трансформатордук көмөкчордондорду (ТКЧ) орнотту. Атап айтканда, төмөнкү айылдарда ТКЧ орнотулду: * Сокулук районунун Нижний-Чүй айылы – 1 даана, * Ак-Ордо жаңы конушу – 4 даана, * Панфилов району: Орто-Арык жана Панфилов айылы – ар бирине

Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө

Бишкек-Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып, кыймыл бир тараптуу жүрүүдө

Бүгүн, 14-январда саат болжол менен 09:50дө Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 428-чакырымында мазут ташыган бензовоздун рулдук рейкасы үзүлүп, унаа жолго оодарылып кеткен. Бул тууралуу Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Кесепеттерден жабыркагандар катталган жок. Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери Кыргызавтожол-Түштүк мамлекеттик ишканасынын №38 жол тейлөө мекемеси тарабынан

Полигон коррупциясы боюнча мурдагы вице-мэр жана жетекчилери камалды – зыян 182 млн сом

Полигон коррупциясы боюнча мурдагы вице-мэр жана жетекчилери камалды – зыян 182 млн сом

Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу жана жаңы полигон куруу долбоорунда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. 2015-жылы долбоор үчүн кредиттик негизде 22 млн евро бөлүнгөн. Аудиттин натыйжасында бюджетке 182 млн сом алдын ала зыян келтирилгени аныкталды. Тергөө учурунда Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А.

Былтыр Кыргызстандын аймактарында 8 471 жаңы жумуш орундары түзүлдү

Былтыр Кыргызстандын аймактарында 8 471 жаңы жумуш орундары түзүлдү

2025-жылы 715,7 млн доллар инвестиция тартылып, аймактарда 8 миң 471 жаңы жумуш орду түзүлгөнүн Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр мамлекет тарабынан коюлган тапшырмалардын аймактык деңгээлде жакшы аткарылып жатканынан кабар берет. 2025-жылы өлкөнүн ар бир