Аксыда 288 млн сомго насостук станциянын суу түтүктөрү жаңыланууда

Аксыда 288 млн сомго насостук станциянын суу түтүктөрү жаңыланууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу “Жел-Тийбес” насостук станциясында түтүктөрдү алмаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул түтүктөр 49 жыл мурун орнотулган жана ушул убакка чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Маселе 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн.

Учурда жеринде казуу жана жаңы түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы узундугу 2800 метрди түзгөн түтүктөрдү алмаштыруу 2026-жылдын февраль айында толук аякташы күтүлүүдө. Долбоордун жалпы наркы — 288 млн сом. Жаңы түтүктөр орнотулгандан кийин 3 миң гектар жерге сугат суусун берүү жакшырмакчы.

Белгилей кетсек, 2025-жылга карата III Элдик Курултайдын делегаттарынын сунуштарынын негизинде 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын 12%ы аткарылып, калган 88%ы ишке ашуу стадиясында. Кайрылуулардын көбү ирригация (60%) жана ичүүчү таза суу (23%) маселелерине байланыштуу болуп, бул багыттагы иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу