РоссиядаTelegram и WhatsApp мессенджерлери иштебей баштады

РоссиядаTelegram и WhatsApp мессенджерлери иштебей баштады

Россиянын айрым райондорунда  Telegram и WhatsApp мессенджерлери жабылып баштаганын The Moscow Times редакциясы жарыялады. Колдонуучулардын айтымында, тиркеме бирде иштеп, бирде иштебей жатат. 

“Интернетти коргоо коомунун” жетекчиси Михаил Климарев WhatsApp россиялык бир катар региондордо такыр иштебей калганын билдирип чыккан. Анын билдиришинче, мессенджерлер дүйнө жүзүндө жакшы иштеп жатат,  демек мындай иштебей калуу локалдык мүнөзгө ээ. 

Буга улай ал Россияда Telegram менен WhatsAppты толук бөгөттөө процесси башталганын жана ал 2026-жылы толук аяктарын кошумчалаган. Муну ал 2024-жылдын ортосунда ага кирүү чектелип, кийин толук бөгөттөлүп калган YouTube менен менен салыштырган. Азыр ал VPN видеохостинги менен гана жеткиликтүү.

Эгер эксперттердин божомолу тастыкталса, анда жакынкы мезгилдерде Россия колдонуучулары баарлашуунун альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрүн издөө жана бөгөттөөнү айланып өтүү жолдорун издөөгө туура келет. 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media