Айыл чарба министрлиги 200 гектар айдоо аянтына күздүк буудай айдады

Айыл чарба министрлиги 200 гектар айдоо аянтына күздүк буудай айдады

Бүгүн, 3-ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз мамлекеттик асыл тукум мал чарба заводунун 200 гектар айдоо аянтына жогорку түшүмдүү күздүк буудай септи.

Министрликтин маалымтына ылайык, бул демилге жаңы технологияларды жана илимий ыкмаларды колдонуу аркылуу түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Себүү иштерин Министрликке караштуу департаменттер жана Кыргыз айыл чарба илим-изилдөө институту жүргүзүштү.

Себилген талаада тажрыйбалык иштер жүргүзүлүп, өсүмдүктөрдүн өнүгүүсүнө илимий-методикалык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле жер семирткичтерди, үрөндөрдү жана сугаруу системасын оптималдаштыруу боюнча жаңы ыкмалар апробациядан өткөрүлөт, бул келечекте башка чарбалар үчүн үлгү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media
DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

Кыргызстанда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик лицейлердин 1 868 мугалими окутулуп, Scaffold методикасы беш кесиптик лицейде сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 13-14-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында DARYA долбоорунун Жогорку деңгээлдеги тобунун 5-жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана

Ишкер Media
Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Бангкок шаарында ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында 13-октябрда Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлери жана борбордук банк жетекчилери үчүн тегерек стол өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди. Иш-чарага ЭВФтин аткаруучу директорунун орун басары Бо Ли катышты. Маалымдалгандай, жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 3,4 эседен көп. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылы милдеттүү автоунаа камсыздандыруусу (ОСАГО), турак жайды камсыздандыруу жана камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча жалпы 146 млн 679 миң

Ишкер Media