Азык-түлүк коопсуздугуна өзгөртүүлөр киргизилди

Азык-түлүк коопсуздугуна өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы өзгөртүүлөр менен:

  • Мыйзамдагы айрым терминдер жана түшүнүктөр такталып, аныкталды;
  • Ата-мекендик өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги азыктары менен ички рынокту толтуруу жана импорт алмаштыруунун ролу күчөтүлдү;
  • Өлкөнүн калкын тамак-аш менен жетиштүү көлөмдө камсыздоо жана азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү деңгээли аныкталды.

Мыйзам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ата-мекендик өндүрүштү колдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад аймактарына жумушчу сапар менен барып, эки маанилүү инфраструктуралык долбоордун курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Иш сапарынын жүрүшүндө ал курулуш аянтчаларын карап чыгып, иштин жүрүшүн жана сапатын баалап, адистердин жана подрядчылардын отчетторун укту. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ош

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бангладештин тышкы иштер боюнча катчысы Асад Алам Сиам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, кыргыз продукциясын Бангладеш рыногуна чыгаруу, текстиль жана тигүү

Ишкер Media
“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү чечимдер аймактын кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дайындалды.   Ал эми “Тамчы” АФИАнын башкы директору

Ишкер Media
Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media