Экологиялык талаптарды сактабаган "Бетон Стар" ЖЧКсына 103 миң сом айып салынды

Экологиялык талаптарды сактабаган "Бетон Стар" ЖЧКсына 103 миң сом айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча "Бетон Стар" ЖЧКсына пландан тышкары текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишканада айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк коопсуздук жана техникалык талаптар бузулгандыгы аныкталды. Атап айтканда, мыйзам бузуулар КРнын Укук бузуулар кодексинин төмөнкү беренелерине ылайык катталган:

  • 211-берене — экологиялык талаптарды бузуу,
  • 245-берене, бөлүм 3 — өндүрүштүк коопсуздук эрежелерин сактабагандык,
  • 230-берене — тиешелүү уруксатсыз иш жүргүзүү,
  • 209-берене — жер, суу жана аба ресурстарын булгагандык.
Натыйжада ишканага 4 протокол түзүлүп, жалпы 103 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы ишканаларга жана уюмдарга экологиялык жана коопсуздук талаптарын сактоонун экономикалык маанисине көңүл бурууну эскертет. Мыйзамдардын аткарылышы – айлана-чөйрөнүн сакталуусу, жарандардын ден соолугу жана ишкананын туруктуу экономикалык ишмердүүлүгүнүн кепилдиги.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media
DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

Кыргызстанда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик лицейлердин 1 868 мугалими окутулуп, Scaffold методикасы беш кесиптик лицейде сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 13-14-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында DARYA долбоорунун Жогорку деңгээлдеги тобунун 5-жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана

Ишкер Media
Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Бангкок шаарында ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында 13-октябрда Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлери жана борбордук банк жетекчилери үчүн тегерек стол өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди. Иш-чарага ЭВФтин аткаруучу директорунун орун басары Бо Ли катышты. Маалымдалгандай, жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 3,4 эседен көп. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылы милдеттүү автоунаа камсыздандыруусу (ОСАГО), турак жайды камсыздандыруу жана камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча жалпы 146 млн 679 миң

Ишкер Media