Фермерлер кант кызылчасын өткөрүүдө онлайн кезекке тура алышат

Фермерлер кант кызылчасын өткөрүүдө онлайн кезекке тура алышат

Быйыл кант кызылчасын кабыл алуу пункттарында электрондук кезекке туруу системасы ишке киргизилди. Анын жардамы менен ар бир фермер өзүнө ыңгайлуу күндү онлайн тандап, түшүмүн тоскоолдуксуз тапшыра алат. Пункттардын өкүлдөрүнүн айтымында, мындай ыкма дыйкандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп, жүктү ташууда убакытты жана чыгымды үнөмдөөгө жардам берет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдагы кант кызылчасын оруп-жыюу иштери республика боюнча 60%-70% жыйынтыкталып калды.

Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүнө караганда быйыл 2024-жылдагыдай эле кумшекерге болгон баа туруктуу сакталып, рынокто жетишсиздик жаралбайт деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, негизги 9 социалдык мааниге ээ азык-түлүктүн ичинен Кыргызстан 6 түрү менен өзүн-өзү камсыздай алат. Алар: картошка, эт, сүт, жумуртка, жашылча-жемиштер жана кумшекер.

Мындан тышкары окуңуз

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад аймактарына жумушчу сапар менен барып, эки маанилүү инфраструктуралык долбоордун курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Иш сапарынын жүрүшүндө ал курулуш аянтчаларын карап чыгып, иштин жүрүшүн жана сапатын баалап, адистердин жана подрядчылардын отчетторун укту. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ош

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бангладештин тышкы иштер боюнча катчысы Асад Алам Сиам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, кыргыз продукциясын Бангладеш рыногуна чыгаруу, текстиль жана тигүү

Ишкер Media
“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү чечимдер аймактын кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дайындалды.   Ал эми “Тамчы” АФИАнын башкы директору

Ишкер Media
Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media