Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштуруучулардын бири кармалды

Кыргызстанда каржы пирамидасын уюштуруучулардын бири кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «SkyWay» жана «Sky World Community» компаниянын куратору 1973-жылы туулган И.П. аттуу жаран кармалып, камакка алынды. Компания КРнын аймагында Бишкек менен Ош шаарларынын ортосунда «асман көпүрөлөрүн» куруу боюнча ири инвестициялык долбоорго катышууну убада кылып, жарандарга жогорку пайда аласыңар деген убада менен долбоорго акча каражатын салуу сунушталган.

Чыныгы инвестициялардын көрүнүшүн жаратуу максатында, катышуучуларга атайын мобилдик тиркеме берилип, анда салынган сумманын көлөмү көбөйүп жаткандай жалган маалымат көрсөтүлгөн. Чындыгында жарандардан чогулган бардык акча каражаттары уюштуруучулардын жеке пайдасы үчүн колдонулган.

Ички иштер министрлиги «SkyWay» жана «Sky World Community» компанияларынын ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткан бардык жарандарды жакынкы аймактык милиция бөлүмдөрүнө кайрылууга же төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: 0505 102 612, 0703 686 883 же 102.  

Мындан тышкары окуңуз

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад аймактарына жумушчу сапар менен барып, эки маанилүү инфраструктуралык долбоордун курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Иш сапарынын жүрүшүндө ал курулуш аянтчаларын карап чыгып, иштин жүрүшүн жана сапатын баалап, адистердин жана подрядчылардын отчетторун укту. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ош

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бангладештин тышкы иштер боюнча катчысы Асад Алам Сиам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, кыргыз продукциясын Бангладеш рыногуна чыгаруу, текстиль жана тигүү

Ишкер Media
“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү чечимдер аймактын кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дайындалды.   Ал эми “Тамчы” АФИАнын башкы директору

Ишкер Media
Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media