Республика боюнча 182 машина-трактордук станция уюштурулду

Республика боюнча 182 машина-трактордук станция уюштурулду

Ар бир райондо агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү планына ылайык, республикада жалпы 182 МТС уюштурулду. Алардын 62си муниципалдык, 120сы жеке менчик. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын 10 айында республика боюнча 1 мамлекеттик, 2 муниципалдык жана 7 жеке менчик МТС ишке кирип, 2024-жылга салыштырганда 16%га өстү. Натыйжада 65 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Сокулук районундагы “Кыргызмамасылтукумзавод” мамлекеттик ишканасынын базасында 2025-жылдын 9-январында мамлекеттик МТС ишке кирди. Ал айылдык товар өндүрүүчүлөргө агротехникалык жана механизациялык кызмат көрсөтөт.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Сельэнерго” ишканасынын базасында жаңы мамлекеттик МТС ачылууга даярданып жатат. Тендер аркылуу 50дөн ашык айыл чарба техникасы сатып алынып, алардын 20дан ашыгы алынган. МТСтин толук кандуу иштеши үчүн имараттарды оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Ачылыш аземи 2025-жылдын 15-ноябрына белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Кыргызстанда 8 райондо суу кызматтарын көрсөтүүчү ишканалар түзүлөт

Чүйдүн Панфилов районунда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү ишкана түзүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөттөрүнүн, айыл кеңештеринин, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү жана Ичүүчү суу менен камсыздоо

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Сууда сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга айып пул салынды

Кара-Суу шаарында жол куруу иштеринин сапатына байланыштуу жарандардын кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында асфальт төшөө иштери белгиленген талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Айрым жерлерде асфальт катмары сыйрылып, көчүп жатканы жана курулуш учурунда технологиялык талаптар сакталбаганы белгиленди. Аталган

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоо жакшырууда

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында электр жарыгы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунан билдиришти. Буга чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын Бишкек электр тармактары ишканасынын адистери "Байтик" көмөк чордонунан чыгуучу 10 кВ

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол