Россия жарандыгы жок убактылуу жашоочуларга квотаны кыскартты

Россия жарандыгы жок убактылуу жашоочуларга квотаны кыскартты

Россия 2026-жылы чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок жашап жүргөндөргө өлкө ичинде убактылуу жашоого уруксат берүү квотасын 3 802ге кыскартты. 

2025-жылы мындай квота 5,5 миң болсо, 2004-жылы ал 10 миң 595 болгон. Квотанын көлөмү өлкөнүн региондорундагы миграциялык кырдаалды жана экономикалык акыбалды эске алуу менен ошол аймактардын сунушунун негизинде аныкталат. 
Ошондой эле Россия өкмөтү тарабынан мамлекеттин субъектилерине эсептелген кошумча квоталар резерви бекитилет.  2026-жылга мындай убактылуу жашоо уруксаты 1 миң 140 деп белгиленген.

2025-жылы Москвада мындай уруксат 1000 адамга берилсе, 2026-жылы ал 500 адамга берилет.

Эске салсак, буга чейин Эмгек мигранттары прфсоюзунун төрагасы Ренат Каримов 2026-жылы Россия Федерациясы эигек мигранттарына карата квотаны 20%га көтөрүүнү пландап жатканын айткан. Эмгек министрлиги алыскы визалык өлкөлөрдөн 278,9 миң адиске уруксат берүүнү сунуштаган. 

 

 

 

   

Мындан тышкары окуңуз

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад аймактарына жумушчу сапар менен барып, эки маанилүү инфраструктуралык долбоордун курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Иш сапарынын жүрүшүндө ал курулуш аянтчаларын карап чыгып, иштин жүрүшүн жана сапатын баалап, адистердин жана подрядчылардын отчетторун укту. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ош

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бангладештин тышкы иштер боюнча катчысы Асад Алам Сиам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, кыргыз продукциясын Бангладеш рыногуна чыгаруу, текстиль жана тигүү

Ишкер Media
“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү чечимдер аймактын кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дайындалды.   Ал эми “Тамчы” АФИАнын башкы директору

Ишкер Media
Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media