Саламаттык сактоо министрлиги 4 кабаттуу мектептерди салууну демилгеледи

Саламаттык сактоо министрлиги 4 кабаттуу мектептерди салууну демилгеледи

Кыргызстанда 4 кабаттуу мектептерди куруу маселесин Саламаттык сактоо министрлиги демилгелеп чыкты. 

Министрлик белгилегендей, 12 жылдык билим берүү модели бала бакчалардагы мектепке чейинки даярдоо топторун айзатканы менен 1-класска баруучулардын санын көбөйткөн. Бул өз кезегинде жалпы билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын даярдоону, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну жана керектүү окуу жана башка жабдыктар менен камсыз кылууну талап кылат. 

Андыктан калк жыш жайгашкан жана бош жерлер чектелүү аймактарда 4 кабаттуу мектептерди куруу максатка ылайык болот. Ошону менен бирге эле 4-кабатта класстар эмес, кызматтык, чарбалык, рекреационалдык жана кошумча бөлмөлөр жайгашышы керек. 

Ашкана, китепкананы, спорттук, бий жана жыйындар залын табийгый жана жасалма жарыктандыруу, тиешелүү температуралык режим менен желдетүү, ошондой эле санитардык-гигиеналык талаптар сакталган шартта эң төмөнкү кабатта жайгаштырса болот. 

Эске салсак, азыр мыйзам боюнча 3 кабаттуу гана мектеп курууга уруксат берилген. 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media