Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулат

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулат

2025-жылдын 8-ноябрынан тарта 2026-жылдын июнунда чейин ар дем алыш күнү Бишкекте жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын максаты — азык-түлүктүн баасын туруктуу кармоо, калктын социалдык аярлуу катмарына жеткиликтүү тамак-ашты камсыздоо жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо.

Жарманке Т. Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов, Эркиндик бульвары көчөлөрүнүн кесилиштеринде (Биринчи Май району) өткөрүлөт.

Катышуучуларга коюлган талаптар: продукция сапаттуу жана таза болушу, баасы базардан төмөн болушу жана райондук агрардык башкармалыктын тастыктоочу катын алуу.

Кошумча маалымат үчүн байланыш телефондору: (0312) 66-14-22, 0702 70 20 00.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында атайын борбор түзүлдү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, борбордун негизги максаты - эки өлкөнүн ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү ачууга көмөктөшүү жана Кыргызстандын өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Башкы

Ишкер Media
Кыргызстанда 8 миңден ашык окуучу япониялык система менен тест тапшырды

Кыргызстанда 8 миңден ашык окуучу япониялык система менен тест тапшырды

Кыргызстанда япониялык TOFAS математикалык баалоо системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында 8428 окуучу тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, долбоор Япониянын SPRIX Inc. компаниясы менен биргеликте ишке ашырылып, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 28 мектеп катышууда. Бул тууралуу кече, Агартуу министрлигинде Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай

Ишкер Media
Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдө 5 жаңы өкүлүн бекитти

Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдө 5 жаңы өкүлүн бекитти

Соода-өнөр жай палатасы бизнес өкүлдөрүнүн эл аралык тармагын кеңейтүүдө. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Палата президиумунун акыркы жыйынында алты өлкөдө иштей турган беш жаңы өкүл бекитилди: • Хорватия жана Словения – Изат Назарматов; • Болгария, София жана София аймагы – Адилет Камчыбеков; • Түштүк Корея – Фатима Жумабаева; • Орусия, Түндүк

Ишкер Media
Чүйдөгү мектептер экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдылат

Чүйдөгү мектептер экологиялык таза жылытуу системалары менен жабдылат

“Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Чүй облусундагы 30 мектепти жана бала бакчаны экологиялык жактан таза жылытуу системалары менен камсыздоо, ошондой эле тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатып, окутуу пландаштырылууда. Ал үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен аталган долбоорду 2029-жылга чейин

Ишкер Media