Кыргызстан Борбор Азияда "Бирдиктүү ден соолук" программасынын теңтөрагасы болду

Кыргызстан Борбор Азияда "Бирдиктүү ден соолук" программасынын теңтөрагасы болду

Кыргызстандын ветеринария, мал чарба, жайыт жана тоют кызматтарынын адистери Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү пандемияга каршы жана азык-түлүк системаларынын туруктуулугуна арналган регионалдык конференцияга катышты. Бул тууралдуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында "Бирдиктүү ден соолук" программасы боюнча Регионалдык координациялык кеңеш (РКК) түзүлүп, Кыргызстан анын теңтөрагасы болуп шайланды. Кеңеш адамдын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгын камсыздоо боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Конференцияда РККнын биринчи жыйынынын протоколу кол коюлуп, программаны ишке ашыруунун негизги багыттары белгиленди. Кыргызстан өзүнүн улуттук координациялык механизмин тааныштырды, ал жугуштуу оорулар жана пандемияларга даярдыкты күчөтүүгө арналган.

"Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы көп тармактуу болуп, дарыгерлердин, ветеринарлардын, экологдордун жана мамлекеттик органдардын күч-аракетин бириктирет. Бул ыкма зооноздук ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Эске салсак, 2023-жылы Дүйнөлүк банк жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен Борбор Азия өлкөлөрү "Бирдиктүү ден соолук" боюнча Регионалдык иш-аракеттердин алкагын бекиткен.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Таласка жаңы инвестицияларды тартуу боюнча иштер күчөтүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Сапар агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы капитал тартууга шарт түзүү максатында уюштурулган. Иш сапардын алкагында 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүү темпи, долбоорлордун

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Оштогу "Мурас" бала бакчасы жаңыланып, пайдаланууга берилди

25-августта Оштогу Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан "Мурас" бала бакчасы толугу менен оңдолгондон кийин кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесин оңдоо иштери жергиликтүү казынанын