Кыргызстандан 8 айда 43,4 миллион сомдук минералдык суу экспорттолду
Быйыл сегиз айдын ичинде Кыргызстандан чет өлкөгө 1,7 миллион литрден ашык минералдык суу экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Минералдык суу 9 өлкөгө сатылып, жалпы баасы 43,4 миллион сомду түзгөн. Эң көп суу Өзбекстанга (905,1 миң литр) жана Казакстанга (763,7 миң литр) жөнөтүлгөн.