Мэрия: Бишкектеги баш калкалоочу жайлар кышка даяр

Мэрия: Бишкектеги баш калкалоочу жайлар кышка даяр

Бишкек шаарында күз-кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Октябрь районундагы А. Токомбаев көчөсү, 1а дарегиндеги баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкташкан. Учурда оңдоо иштери аяктап, төшөнчүлөр, дары-дармектер жана бир жолку ысык тамак берүүгө мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Жылытуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 тонна көмүр бөлүндү.

Биринчи Май районунда «Коломто» муниципалдык мекемеси 70-100 адамга бир жолку тамак жана түнөк камсыз кылат. Мекеме жылына орто эсеп менен 2000 адамга кызмат көрсөтөт.

Ленин районундагы "Боорукердик борбору" КФ 45 адамга ылайыкталган. Учурда 10 аял жана 12 бала борбордо жашайт, аларга тамак, түнөк жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Баш калкалоочу жайларга үй-жайсыздар өздөрү кайрылса болот, ошондой эле милиция жана тез жардам кызматкерлери жеткире алышат. Маалымат жана жардам алуу үчүн: 102, 103 жана "Боорукердик борборунун" байланыш номуру – 64-11-09.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

13-октябрда Черногорияда өтүп жаткан "Европа - Азия" жогорку деңгээлдеги Аймактар аралык туристтик форумунун алкагында Кыргызстан менен Черногориянын туризм тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Маалыматка ылайык, форумдун алкагында агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен Черногориянын туризм министри Симонида Кордич жолугушту. Жолугушууга Черногориянын Кыргызстандагы ардактуу

Ишкер Media
Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушкан. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи

Ишкер Media
Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Насип Ширин” кондитердик ишканасы өндүрүш көлөмүн беш эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Новиковдун маалыматына ылайык, ишкана РКӨФтүн финансылык колдоосу менен өндүрүшүн кеңейте алды. Жаңы цехти ишке киргизүү үчүн аталган фонд “Элдик Банк” ААКсы аркылуу 8

Ишкер Media
Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында атайын борбор түзүлдү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, борбордун негизги максаты - эки өлкөнүн ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү ачууга көмөктөшүү жана Кыргызстандын өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Башкы

Ишкер Media