Тогуз айда балык уулоодон түшкөн киреше 11,8 млн сомду түздү

Тогуз айда балык уулоодон түшкөн киреше 11,8 млн сомду түздү

КРнын Балык өнөр жайы комплекси 2025-жылга спорттук-ышкыбоздук балык уулоо үчүн республикадагы суу объектилеринде лимит бекитти. Бул иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында коомдук бирикмелер жана жоопкерчилиги чектелген коомдор менен келишимдер түзүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинен билдиришти.

Мындан сырткары, "АгроСмарт" мамлекеттик ишканасы Департаменттин катышуусунда электрондук балык уулоо билет системасын иштеп чыгып, ишке киргизди. Билеттерди Министрликтин расмий сайтынын "Кызматтар" бөлүмү жана "Мегапей" төлөм оператору аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул система билеттерди алуу процессин жеңилдетип, республиканын бардык аймактарындагы жарандар үчүн жеткиликтүү кылып, кагаз документтерди колдонууну азайтты.

2025-жылдын 9 айында балык уулоо билеттеринин сатылышынан түшкөн сумма 11 859 502 сомду түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн (2 655 942 сом) бир нече эсе көп. Адистер белгилегендей, спорттук-ышкыбоздук балык уулоого болгон кызыгуу жеңилдетилген процедуралар менен гана чектелбестен, суу биоресурстарына жоопкерчиликтүү мамилени жогорулатуудан да өсүүдө.

Келечекте электрондук сервистерди өнүктүрүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу максатында балык уулоонун лимиттерин сактоого көзөмөл күчөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

Кыргызстан менен Черногория туризм боюнча келишим түздү

13-октябрда Черногорияда өтүп жаткан "Европа - Азия" жогорку деңгээлдеги Аймактар аралык туристтик форумунун алкагында Кыргызстан менен Черногориянын туризм тармагындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди. Маалыматка ылайык, форумдун алкагында агенттиктин директору Эдуард Кубатов менен Черногориянын туризм министри Симонида Кордич жолугушту. Жолугушууга Черногориянын Кыргызстандагы ардактуу

Ишкер Media
Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Хорватия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушкан. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи

Ишкер Media
Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Кадамжайда таттуу азыктарды өндүрүү беш эсе көбөйдү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Насип Ширин” кондитердик ишканасы өндүрүш көлөмүн беш эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Новиковдун маалыматына ылайык, ишкана РКӨФтүн финансылык колдоосу менен өндүрүшүн кеңейте алды. Жаңы цехти ишке киргизүү үчүн аталган фонд “Элдик Банк” ААКсы аркылуу 8

Ишкер Media
Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргыз-Кытай өнөр жай борбору түзүлдү

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдында атайын борбор түзүлдү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, борбордун негизги максаты - эки өлкөнүн ишканалары ортосунда түз байланыш түзүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү ачууга көмөктөшүү жана Кыргызстандын өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Башкы

Ишкер Media