Быйыл 74,2 миң ири мүйүздүү мал жасалма жол менен уруктандырылды

Быйыл 74,2 миң ири мүйүздүү мал жасалма жол менен уруктандырылды

2025-жылга  ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандыруу  максатында  сатылып алынуучу уруктук материалдардын жалпы  көлөмү - 270 миң дозаны түзөт. Бүгүнкү күндө республика боюнча дээрлик бардык облустарга графикке ылайык 98 миңден ашуун урук материалдары акысыз таратылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары, урук менен бирге “Элита” мамлекеттик ишканасы тарабынан өндүрүлгөн 7 тоннадан ашуун суюк азот да атайын автоунаалар аркылуу райондук ветеринардык башкармалыктарга жеткирилип, андан ары техник-уруктандыруучуларга берилүүдө.

Учурда 264 техник-уруктандыруучу менен райондук ветеринардык башкармалыктардын ортосунда кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгында республика боюнча 74 248 баш уй жасалма жол менен уруктандырылды, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 763 башка көп.

Жасалма уруктандыруу иштеринин кеңейиши мал чарбасын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана эт-сүт багытындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

2026-жылы Кыргызстанда социалдык объектилердин курулушуна жана оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан жалпы 40 млрд 563 млн сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди. Анын айтымында, республикалык бюджеттен 509 объекттин курулушуна 17 млрд 818 млн сом, ал

Ишкер Media
Сентябрда 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди

Сентябрда 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди

2026-жылдын сентябрь айында Сейсмо туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту республика боюнча 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Анын ичинен: • социалдык объекттер - 25; • турак жайлар - 22; • турак эмес жайлар - 11; • административдик имараттар - 5; • өндүрүштүк объекттер - 6; • башка объекттер - 5. Маалыматка караганда, инженердик-техникалык

Ишкер Media
Кыргызстанда дан жана картошка түшүмү кескин өстү

Кыргызстанда дан жана картошка түшүмү кескин өстү

Кыргызстанда 2026-жылы дан эгиндеринин, картошканын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү былтыркыга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү аягына чыгып калды. Дыйкандар 2,5 млн тоннага жакын дан жана 965 миң тонна картошка жыйнашты. Чүй облусу дан жыйноо боюнча алдыда.

Ишкер Media
Манас шаарынын күнүн белгилөөгө 1 млн сом каралган

Манас шаарынын күнүн белгилөөгө 1 млн сом каралган

2026-жылдын жергиликтүү бюджетинде Манас шаарынын күнүн өткөрүүгө 1 млн сом каралган. Майрамды кеңири масштабда жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кошумча каржылоо маселеси каралды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка караганда, быйыл Манас шаарынын күнү 5-ноябрда белгиленет. Белгилей кетсек, 5-ноябрга жылдыруу 2026-жылга гана тиешелүү. Кийинки жылдары шаар

Ишкер Media