Кыргызстан менен Катар социалдык өнүгүү жаатында кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Катар социалдык өнүгүү жаатында кызматташууну бекемдейт

Доха шаарында (Катар) өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Катардын Үй-бүлө жана социалдык өнүгүү министри Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайми менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда социалдык жана эмгек тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланып, социалдык коргоо системасын өнүктүрүү, калктын аяр катмарына колдоо көрсөтүү жана үй-бүлөнүн коомдогу ролун бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.

Тараптар социалдык саясатты санариптештирүү, балалуу үй-бүлөлөрдү жана майыптуулугу бар жарандарды колдоо, ошондой эле жаштарды иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутуу багытында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Канат Сагынбаев менен Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайми социалдык кызматташтыкты чыңдоонун маанисин белгилеп, эки министрликтин ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык өнүгүү жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган кызматташууну мындан ары да улантууну макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу Ички иштер министрлиги "Бишкек Арена" стадионуна алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тыюу салынган буюмдардын катарына тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкөлөр, банкалар, көлөмдүү баштыктар жана жагдандар кирет. Ошондой

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу — "Финансылык Альянс" ЖЧКсы "Инвестиция сал жана утуп ал" аттуу стимулдаштыруучу лотереяны өткөрөт. Лотерея 2026-жылдын 25-августунан 25-сентябрына чейин жана 26-сентябрынан 26-октябрына чейин эки этапта өткөрүлөт. Байге фондунун жалпы суммасы — 629 630 сом. "Инвестиция сал жана утуп

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Манас шаардык мэриясына түшкөн арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө "Башталыш Гранд" ишканасынын курулушуна жакын жайгашкан турак үйдүн үстүнөн жүк өткөрүлгөнү аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске