Бишкек ЖЭБи цифралар менен: 366 МВт электр, 313 миң тонна көмүр...

Бишкек ЖЭБи цифралар менен: 366 МВт электр, 313 миң тонна көмүр...

Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) 2025-жылдын 5-ноябрында штаттык режимде иштеп, орточо электр кубаттуулугу 366 МВтга жетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Суткалык отун керектөөсү төмөнкүдөй: көмүр – 6,086 миң тонна, газ – 234 миң нм³.

Бишкек ЖЭБинде бардыгы 15 казан агрегаты жана 7 кайчылаш байланышкан турбиналык агрегат иштейт. Учурда 6 казан жана 4 турбиналык агрегат, ошондой эле №3 жана №4 энергоблоктор иштеп жатат; 4 казан жана 1 турбиналык агрегат оңдоодо; камдыкка 5 казан жана 2 турбиналык агрегат чыгарылган.

Күз-кыш мезгилине электр жана жылуулук энергиясы менен туруктуу камсыздоо максатында ЖЭБге 1 400 000 тонна көмүр жеткирүү пландалууда. Азыркы учурда кампада 313,203 миң тонна көмүр бар.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү