Казакстандык ата-энелер мектеп окуучуларынын телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышат

Казакстандык ата-энелер мектеп окуучуларынын телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышат

Мындай билдирүүнү 31-телекананалдан кабарлады. Каналдын маалыматы боюнча, ата-энелер мектепте телефон колдонгону үчүн айып пулга жыгылышы күтүлөт. Мындай тартип балдардын сабак учурунда окуусуна толук көңүл буруусун камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Адистердин айтымында, чалуулар жана билдирүүлөр көңүлдү алагды кылбаса, окуу көрсөткүчтөрү жакшырып, класстагы тартип күчөйт.

Мугалимдеринин айтымында, ата-энелерге алдын ала мындай маалымат кабарланган жана мектеп келишимине тиешелүү пункт киргизилген. Бардык телефондор өзүнчө шкафта сакталат жана кулпуланат. Ата-энелер да мындай ишчарага макулдугун билдиришкен.

Эрежеге ылайык, телефон колдонууга тыюу салууну биринчи жолу бузуу эскертүү менен чектелсе, кайталап бузуу 5 айлык эсепке чейин (19 000 теңгеден бир аз ашык) айып пулга алып келиши мүмкүн. Айып пулду мектептеги көйгөйдү чечүүгө ыйгарым укуктуу полиция кызматкери салат.

Буга чейин казакстандык ата-энелерге балдарынын сөгүнгөнү үчүн айып пул салынаары тууралуу жарыяланган.

Мындан тышкары окуңуз

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media
Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media
ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media
Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформалар, активдерди натыйжалуу пайдалануу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар Швейцариянын SECO уюму каржылаган жана Дүйнөлүк банк ишке ашырган "Мамлекеттик

Ишкер Media