Кочкордо "Сейил" паркынын эскиздик долбоору даярдалды

Кочкордо "Сейил" паркынын эскиздик долбоору даярдалды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кочкор райондук башкармалыгынын архитекторлору Кочкор айылындагы "Сейил" паркты реконструкциялоо үчүн эскиздик долбоорун иштеп чыгышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда курулуш иштери башталды. Долбоорго ылайык, паркта амфитеатр, лабиринт, аттракциондор, футкорд, муз аянтчасы жана скейтборд аянтчасы сыяктуу заманбап оюн-зоок аянтчалары курулат. Парктын жалпы аянты 4,5 чарчы метрди түзөт.

Бул долбоордун максаты — жергиликтүү тургундар жана коноктор үчүн көп функционалдуу эс алуу аянтынтүзүү жана аймактын маданий жана социалдык инфраструктурасын жакшыртуу.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды