"Менин шаарым" тиркемесинде муниципалдык менчикти ижарага алуу функциясы пайда болду

"Менин шаарым" тиркемесинде муниципалдык менчикти ижарага алуу функциясы пайда болду

Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борбору "Менин шаарым" тиркемесинде "Муниципалдык менчикти ижарага алуу" аттуу жаңы функция ишке киргенин маалымдайт.

Бул функция ижарачылардын ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыккан. Ал убакытты үнөмдөөгө, мекемелерге барып кагаз документтер менен иштөө зарылдыгын жоюуга жардам берет.

Жаңы функция аркылуу колдонуучулар:
Ижара келишимдерин көрө алышат;
Төлөм мөөнөтү тууралуу эскертмелерди алышат;
Ижара акысын онлайн төлөп, операциялардын тарыхын көзөмөлдөй алышат.
Бардык иш-аракеттер онлайн, коопсуз жана ачык-айкын жүргүзүлөт.

Ижарачылар жаңы функцияны колдонуп башташып, анын ыңгайлуулугун жана ыкчамдыгын белгилешүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын муниципалдык кызматтар менен ыңгайлуу жана өз убагында өз ара аракеттенүү үчүн санариптик сервистерди активдүү пайдаланууга чакырат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды